Ысык-Көл. Облуста бир айлык мал каттоо жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ысык-Көл облусу боюнча малдын жана үй канаттууларынын санактан өткөрүү жөнүндөгү” №179-тескемесине ылайык, облустун бардык категориядагы чарбаларында малдын  жана үй канаттууларынын чыныгы санын аныктоо жүрүүдө. Эске сала кетсек, санак 2012-жылдын 1-декабрынан 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Санак малдын жана канаттуулардын саны боюнча так маалымат алуу үчүн жүргүзүлүп жатат. Каттоо мал ээлери жөнүндөгү жеке маалыматты көрсөтпөй туруп, жалпы саноо ыкмасын колдонуу менен ишке ашат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тиешелүү маалымат берүүдөн баш тарткан же мал кармаган жайга киргизбей койгон үчүн мал ээлерине карата  административдик чаралар көрүлөрү тескемеде жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан