Кытайда белгисиз адам бала бакчага кол салып, анын кесепетинен 3 адам каза болуп, алтоо жаракат алды. Азырынча каза болгондордун жашы айтыла элек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя Кытайдын түштүк-чыгышында жайгашкан Цзянси провинциясында болгон. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында Анфу округундагы менчик бала бакчага кепка жана бет кап кийген адам кирип келип кол салган.
Полициянын маалыматы боюнча, азырынча кылмышкер кармала элек.