8-декабрда “Тамашоу” лигасынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү уюштурган 1\8 финалдык оюну шаардык жаштар сарайында болуп өттү. 14 команданын ичинен 12си чейрек финалга жолдомо утуп, 2 команда сезондон учту. Калыстардын чечими менен 1-орунду VIP командасы жеңип алды. 2-орунга "Красавчики" ээ болсо, "Нарынский стандарт" 3-орунга илинди.