7-декабрь күнү мамлекеттик резиденцияда туруктуу экономикалык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин төрагасы катары өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жыйынды ачуу менен программаны тааныштырып өттү. Баш-аягы 40 мүнөттөй созулган докладында президент 2013-2017-жылдарга белгиленген КРнын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын (жолдук картасын) айтып берди.
"Биз бул программанын үстүндө дээрлик бир жылдай иштедик. Баш-аягы 100дөн ашуун беттен турат. Андыктан, жыйындын катышуучулары, программаны окуп чыгып, сиздердин толуктооңуздарды талкууга алуу менен эки аптадан кийин кабыл алабыз",- деп сөзүн баштады президент.
Стратегия жалпы жонунан эки чоң бөлүктөн турат, биринчи мамлекеттик түзүлүш жана коопсуздук тууралуу болсо, калган бөлүгүндө экономикалык тармак баяндалган.