Украинанын президенти Володимир Зеленьский кезектеги видеокайрылуусунда Киев Крымды өзүнүн көзөмөлүнө сөзсүз кайтарарын дагы бир жолу билдирди.
"Аскердик жаңжал 2014-жылы эле башталган жарым аралда аякташы керек. Орус бийлиги Европанын эң мыкты жерлеринин бири болгон Крымды эң кооптуу жерлердин бирине айлантты. Бирок биз Крымга кайтып келебиз", - деди ал.
Кечээ, 9-августта Крымдагы Новофедоровка аймагында жарылуулар болгону кабарланган. Жарылуудан көп кабаттуу үйлөрдүн айнектери сынып, дүкөндөр зыянга учураган. Жарылуудан бир адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.
Киев бул жардырууларга эч кандай тиешеси жок экенин расмий билдирүүдө.