Кримавторитет Камчы Көлбаев 8-январга чейин камакта отурат

Камчы Көлбаев 2013-жылдын 8-январына чейин УКМКнын камагында отурат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-декабрда Камчы Көлбаевге карата бир айга абакта кармоо чечимин чыгарды. Ага уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары мыйзамсыз түрдө баңгизатын жана курал-жарак сактоо, бийлик өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү сыяктуу бир катар беренелер боюнча айып тагылууда. Белгилей кетсек, аталган кримавторитет 8-декабрда кармалып, УКМКнын камагына отургузулган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан