Бишкекте журналист Геннадий Павлюктун эстелиги ачылды

Бүгүн Бишкек шаарында маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелигинин ачылыш аземи болду. Иш-чарага Президенттик Аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, бир катар коомдук активисттер жана журналисттин уулу менен жубайы катышышты. Сөз сүйлөгөн КРнын Сүрөтчүлөр союзу фондунун жетекчиси Жанышбек Жамурзаев: "Бул эстеликти мындан ары эч ким өз алдынча уурдап кетип, метал катары сатып жибере албайт. Бир гана бульдозер менен бузса болот. Эстеликтин автору Аскар Турдукулов, эстеликтин бою менен тең жоон темирди кошо катырды. Бул эстеликтин сакталышын камсыз кылат. Эстеликтин бийиктиги 1 метр 80 сантиметр",- деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан