Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев 10-декабрь - Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

“Урматтуу мекендештер! Сиздерди даңазалуу дата – Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайм! Ар кандай мамлекеттин, бүткүл адамзаттын келечеги тең укуктуулук жана адилеттик принциптерин сактоого түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан 1948-жылы 10-декабрда жалпыга бирдей декларация кабыл алынып, адамдын фундаменталдуу укуктарын бекиткен жана аларды абсолюттук дөөлөт деп жарыялаган. Биздин элибиз ар дайым акыйкаттык үчүн башын сайып, азаттыгын кастарлап келген. Кыргызстан көз карандысыз, күчтүү, гүлдөгөн мамлекет куруу мүмкүндүгү үчүн кымбат кун төлөдү. Акыркы эки жарым жыл мамлекетибиздин жана элибиздин биримдигинин канчалык бекем экендигин олуттуу сыноолордун мезгили болду. Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп парламенттик демократияны өнүктүрүүгө багыт алды. Өлкөдө Конституция кабыл алынды. Анда жарандардын негизги укуктары жана эркиндиктери камтылган. Бирок жоопкерчиликсиз эркиндик болбойт. Өлкөдө ар бир адамдын мыйзам алдында тең укуктуулугун камсыз кылуу зарыл. Эгерде мыйзамдуулук болбосо, адилеттик да, тартип да болбойт. Мыйзам диктатурасы гана бизди чындап эркиндикке жеткире алат. Кыргызстандын башкы дөөлөтү бул – эли. Биздин максат – өз жарандарыбыз үчүн аймактарга бөлүнбөгөн, улуттары жана диний ынанымдары боюнча бөлүнүп-жарылууга жол берилбеген өлкөнү куруу. Бизге ар бир жаран өзүн тең укуктуу, эркин жана корголгон адам катары сезген Кыргызстан керек. Бүгүн биз өз максаттарыбызга карай алгачкы гана кадамдарды таштадык. Али көп нерсени жасоо керек, биз биримдикте көздөгөнүбүзгө жетерибизге ишенем. Алдыда Кыргызстаныбыздын келечеги. Мен ар бириңиздерге, ар бир үй-бүлөгө бакубаттык, ынтымак, ал эми эркин, көз карандысыз Кыргызстанга тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалайм!”- деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан