2012-жылдын 6-декабрь күнү Баткен облустук ИИББинин уюшкан кылмыштуулук топко, коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн оперативдик иликтөө иштеринин негизинде Лейлек районунун Кара-Булак айылында 2008-жылдан бери издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Садыков Сагыныч Абылкасымович кармалды. Ал каракчылык боюнча айыпталып издөөдө жүргөн. Учурда кармалган жаранга КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ИИББинин маалымат катчысы Дамира Юсупова маалымдады.