Сардарбек Жумалиев: "Супер-Инфо" гезити мындан ары да жакшы макалаларды жазып элге кызмат кыла берсин"

"Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер коцерт-2012де" көрүүчүлөрдөн сырткары бир катар сыйлуу коноктор да болушту. Алардын бири КРнын Эл артисти, белгилүү композитор, дирижёр, обончу Сардарбек Жумалиев. Керемет ырлардын автору Сардарбек агайдын "Бульварым" аттуу ыры бул концертте наамга татып, аткаруучунун да, автордун да кубанычын арттырды. Ырчы Азамат Сарыбаев аталган ырды жаңыча үлгүдө ырдап чыгып, "Супер ремейк" наамын багындырганы белгилүү. Ал эми Сардарбек Жумалиевге аталган гезит "Керемет ыр үчүн ыраазычылык" сыйлыгын тапшырды. Сахнага чакырылган Сардарбек агай: "Супер-Инфо" гезитин 10 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Гезит мындан ары да жакшы макалаларды жазып элге кызмат кыла берсин",- деп ыраазычылыгын айтып өттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан