Асылбек Жээнбеков: "Адам укуктары сакталганда гана демократиялык коомду кура алабыз"

Бүгүн ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Эл аралык адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады. “Урматтуу мекендештер! Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Эл аралык адам укуктарын коргоо күнү жана Улуттук акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Адам укуктары менен эркиндиктери демократиялык түзүлүштүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Адам укуктарынын сакталышы ал жашаган чөйрөнүн, анын жашоо маңызынын сапатын аныктайт. Ал эми Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандап алгандыктан, өлкөдө адам укуктарынын сакталышы андан бетер чоң мааниге ээ болду. Бизде адам укуктары так сакталганда гана чыныгы демократиялык ачык коомду кура алабыз. Мамлекет адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо кепилдигин толугу менен өз мойнуна алган. Демек, мамлекеттик бийликтин жүзү да ошого жараша аныкталат. Ошондуктан Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бийлиги катары адам укуктарын коргоонун мыйзамдык базасын чыңдоо, анын механизмдерин жакшыртуу, өзгөчө калктын чабал катмарынын укугун коргоо чараларын иштеп чыгуу жаатында аракеттенип келет. Баарынан мурда биз мыйзамды сыйлаганды, мыйзам чегинде жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Экономикалык, саясий, социалдык теңчилик өзү келбейт, ал ар кандай жолтоо-жосундар менен айгышкан күрөштүн, бирдиктүү аракеттин натыйжасында жаралат. Ал үчүн майтарылгыс эрк, алгылыктуу тажрыйба керек. Ушул тапта коомубуздун бардык чөйрөсүндө, айрыкча укук коргоо тармагында кайра курумдар жүрүп жатат. Анын натыйжасы баарыбыздын бирдиктүү аракетибизге жараша болору бышык.

Ар бир жаран өз укуктары менен эркиндиктерин коргой билүү менен бирге өздөрүнүн коом алдындагы милдеттерин да унутпоого тийиш. Адам укугу менен анын милдети куш канатындай эриш-аркак өкүм сүрөт. Мезгил талабы, турмуш мыйзамы ушундай” деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан