Кыргыз өкмөтү Нарында Борбор Азиядагы Америка университетинин филиалынын ачылышына кызыкдар
Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Ага Хан" өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Нуржахан Мавани менен жолугушту. Жолугушууда тараптар буга чейинки кызматташтык, "Ага Хан" өнүктүрүү түйүнүнүн 2013-жылга карата айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо пландары тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле Нарын шаарына Борбордук Азиядагы Америка университетинин филиалын куруу тууралуу да сөз болду. Премьер-министр аталган университеттин курулушун тезирээк бүтүрүүгө кызыкдар экенин да кошумчалады.