Кыргызстанда 4 диний уюм террористтик жана экстремисттик деп табылып, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында чыккан чечими менен салафит багытындагы такфир-жихаддык кыймылына кирген “Жайшуль Махди”, "Жунд аль Халифат", "Ансаруллох", “Ат-Такфир Валь-Хижра” уюмдары террористтик жана экстремисттик деп табылышты. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММКлар менен байланыштар бөлүмү кабарлады. Аталган уюмдардын Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүшүнө тыюу салынды. Эске салсак, буга чейин өлкөбүздө 7 террористтик жана 1 экстремисттик уюмга тыюу салынган. Алар - “Аль-Каида”, “Талибан Кыймылы”, “Чыгыш Түркстандын Ислам кыймылы”, “Күрд элдик конгресси”, “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизбут-Тахрир-аль-Ислами”, “Жихад тобу” (“Ислам жихадынын биримдиги”) жана “Түркстандын ислам партиясы” (“Өзбекстандын ислам кыймылы”).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан