Өлкөдө соңку бир жумада (24-августтан 4-сентябрга чейин) COVID-19дун жаңы 119 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, 102 адам амбулатордук дарыланууда болсо, 17 бейтап ооруканага жаткырылган.
"Учурда бардык облустар жашыл зонада турат" деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпысынан COVID-19дун 205 миң 835 учуру катталган.