Бишкектин Ак-Бата конушундагы №43 орто мектепке кошумча имарат курулду (фото)

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушундагы №43 орто мектепке кошумча имарат курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ак-Бата жаңы конушунда борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №43 орто мектепке кошумча имараттын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Кошумча имаратта спорт зал, мугалимдер бөлмөсү жана китепкана каралган. Имарат бир кабаттуу, жалпы аянты 651,71 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, кошумча курулушу республикалык бюджеттин эсебинен курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан