№35 жалпы билим берүү мектебинде спортзал ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спорт залдын ачылыш аземи Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда болуп өттү.
Имараттын жалпы аянты 933 чарчы метрди түзүп, анда галерея, жуунуучу бөлмөлөр жана дааратканалар орун алган. Эки ийрим классы жана чечинүүчү жай да бар экени айтылат.
"Мындан тышкары, мектепте көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Воркаут аянтчасы орнотулуп, чуркоо жолчосу курулду.
Мектеп 1957-жылы эксплуатацияга берилген. Мектепте спорт залы жоктугуна байланыштуу курулуш иштери жүргүзүлдү", -деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле спорттук зал мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулганы маалымдалат.