Мугалимдердин оклады азайтылабы? Министрликтин жообу

Сентябрь айынан тарта мугалимдердин тарифтик ставкасы азайтылат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мугалимдердин маянасы азыркы деңгээлде сакталат.

"Тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмү окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.

2022-жылдын 1-сентябрынан баштап мугалимдердин эмгек акысын эсептөө азыркы жарлыкка ылайык сакталат. Ал эми сентябрь айынан тартып мугалимдердин тарифтик ставкасы азайтылат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт" деп жазылат маалыматта.

Токтомго ылайык, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлгөн. Ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленген.

Белгилей кетсек, Кыргыз жергесинде 1-апрелден тарта билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин айлыгы 80 пайызга көбөйгөн. Ал эми административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан