Эртең Бишкек шаарында "Тоолор жана климат" аттуу конференция өтөт
Эртең Бишкек шаарында "Тоолор жана климат" аттуу илимий-практикалык конференциянын акыркы жыйыны болот. Бул тууралуу бүгүн академик Асылбек Айдаралиев маалымдады."Иш-чара Улуттук илимдер академиясында өтөт. Мамлекеттик жетекчилер, депутаттар, илимий интеллегенция өкүлдөрү чакырылган жыйында инвестициялык климат тууралуу маселе көтөрүлөт",- дейт Айдаралиев. Конференциянын аякташы менен тоолуу өлкөлөрдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган стратегиялык план иштелип чыга турганы да белгилүү болду.