Карганбек Самаков: “Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесине кириши - кыргыз элинин жеңиши”

Белгилүү болгондой, 4-декабрда “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан катталды.

Кыргызстандын атынан кыргыз делегациясын баштап барган Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйынынын аягында сөз сүйлөп, азербайжан элине, өкмөттөр аралык комитеттин мүчөлөрүнө, ЮНЕСКОнун катчылыгына жана кыргыз элинин баа жеткис мурасы болгон “Манас” эпосун каттоого колдоо көрсөткөн жыйындын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Карганбек Самаков “Бул жеңиш бүткүл кыргыз элиники, Кыргыз мамлекетиники болду” деп кыргыз элин кезектеги ири ийгилиги менен куттуктады.

Андан соң кичинекей манасчы Үмөт "Манас" айтып, калган манасчылар улантышты. “Жыйындын катышуучулары манасчылардын бир үзүмдөн "Манас" айтып чыкканча күтүп, кыргыз делегациясына узакка кол чаап, кыргызстандыктардын кубанычына ортоктош болушту”,- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан