Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну 28 жаштагы Динара Каримовага издөө салынат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Анда айтылгандай, Динара Каримова Сакалды айылынан 19-август күнү саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Анын туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, ак жүздүү, чачы кара, кыска.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим.
Изделип жаткан жаран тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну милиция өтүнөт: (03734) 505 44, 0755 66 62 88 же 102.