Жаңы дайындалган саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын өмүр баяны

Кечээ, 7-сентябрда Жогорку Кеңеш Саламаттык сактоо министри кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоо сунушун жактырды.

Өмүр баяны:

Ал 1963-жылы 29-октябрда Ош облусунда туулган. 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Жогорку билимдүү.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында дарыгер;

1988-1993-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда терапевт;

1993-1997-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда терапевттик бөлүмдүн башчысы;

1997-2001-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы;

2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;

2004-2011-жылдары Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;

2009-жылы Кара-Суу шаардык кеңешинин төрайымы;

2011-2021-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

2013-2022-жылдары Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы.

Гүлнара Баатырова Жогорку Кеңеш, БШКнын Ардак грамоталарына татып, ага "Саламаттык сактоонун мыктысы" наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан