Кечээ, 7-сентябрда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылылынын Западная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Анда өрттүн кесепетинен сарайдын жыгач устун, шифер менен жабылган чатырынын 80 чарчы метри жана 450 түк чөбү күйгөнү айтылат.
Кырсык катталган дарекке Сокулук райондук №23 өрткө каршы бөлүктөн 2 эсептик бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 14:54тө чектөөгө алынып, кечки саат 19:19да толугу менен өчүрүлгөн.