Бишкектеги "Ош базарындагы" рейд учурунда кармалган жарандардын 34ү 5 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Ош базарынын" айланасын тартипке салуу максатында атайын рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында 65 жаран Ленин РИИБине жеткирилген. Анын ичинен 34 жаранга соттун чечими чыгып, 5 күнгө камакка алынган. Алардын арасында 3 аял киши да бар болгону айтылат.
Рейддик иш-чаранын соңунда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жеткирилген жарандардын мыйзамсыз түнөп жүргөн жерлериндеги эски төшөк, кийим, бөтөлкөлөр өңдүү буюмдардын баарын тазалашкан.