Төө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө акы алуу долбоору артка кайтарылды

Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсү үчүн акы алуу токтом долбоору артка кайтарылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардан жана мамлекеттик органдардан түшкөн сунуштарга байланыштуу экени белгиленет.

"Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн төлөмдүн өлчөмүн андан ары тактоо максатында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги төлөмдүн жаңы тартибин жана өлчөмүн талкуулоодон алынды", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей өтсөк, Төө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө акы төлөө сунушталып, министрлер кабинетинин расмий сайтында коомдук талкууга коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан