Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ага өлкөнүн Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Беларусь, Азербайжан, Армения жанаТажикстандын ички иштер министрлери катышты. Мындан сырткары КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун директору, КМШнын терроризмге каршы борборунун жетекчиси, КМШнын аткаруу комитетинин алдындагы ички иштер министрлеринин кеңешинин өкүлү да келген.
Катышуучулар КМШ өлкөлөрүндөгү кылмыштуулуктун абалы, баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтуу, курал-жарактарды сатуу, улуттар аралык кылмыштуу топтор, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү сыяктуу өзгөчө коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдарынын киберкылмыштуулукка, өзгөчө оор кылмышкерлерди издөөгө, жаңы акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү кызматташуу маселелери каралды.
Анын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан КМШнын ички иштер министрлеринин кеңешинин тиешелүү чечимдерине кол коюлду.