Президент Чолпон-Атага келген КМШнын ИИМ жетекчилерин кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Алардын катарында Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын ИИМ делегациялары, Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Террорчулукка каршы борборунда иштегендер бар.
Президент бүгүнкү биргелешкен жыйын кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошкон дагы бир кадам экенине ишенимин билдирди. Жалпы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо маселесинде шериктештиктин ички иштер органдарынын даярдалып жаткан жана жасалган кылмыштар жөнүндө маалымат алмашууда, кылмыш куугунтугунан качкандарды издөөгө көмөктөшүүдө, биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө, ошондой эле ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларында өз ара аракеттенүүсүн улантуу мындан кем эмес мааниге ээ.
Өз кезегинде жыйындын катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин жыйыны шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын, анын ичинде экстремизмге, баңгизаттарын мыйзамсыз сатуу, киберкылмыштуулук менен каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча натыйжалуу чара болорун белгилешти.
Ошол эле учурда министрликтердин ортосундагы жеке байланыштарды чыңдоо маселелерди ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан