Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов педофилдерге хирургиялык кастрацияны киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Автор педофилдер өлүм жазасына татыктуу экендигин, бирок өлкөнүн баш мыйзамында өлүм жазасына тыюу салынганын жана Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү бир топко созулгандыктан бүгүнкү күндөгү тез арада чара көрүүнү талап кылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн 18 жашка чыга элек балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы жасалган кылмыштарга жоопкерчиликти күчөтүү максатында мыйзам долбоору иштелип чыккандыгын билдирет. Ошондой эле расмий статистика чындыкты толук чагылдырбай турганын жана мындай кылмыштардын санынын олуттуу өсүшү чечкиндүү чараларды көрүп, зордукчуларга жазаны катаалдаштырууну талап кылаарын белгилейт.
Ал атайын дарыларды берүү, ийне саюу аркылуу жасалган химиялык кастрация натыйжасыз жана бюджетке да зыян келтирет деп эсептейт. Андыктан педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салууну сунуштаган. Ошондой эле хирургиялык кастрация психикалык жактан оорулуу адамдарга колдонулбай тургандыгын, эксперттик комиссия акыл-эси жайында эмес деген корутунду чыгарып берген жарандар эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын кошумчалаган.
Учурдагы мыйзамдарда 14 жашка чыга элек баланы зордуктоо жана сексуалдык зомбулук үчүн 15 жылга эркинен ажыратуу же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Эл өкүлү бул мөөнөттү 20 жылга чейин көбөйтүүнү же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.