Бишкек шаардык ИИББинин тергөөчүсү акча алып жаткан жеринен кармалды

7-декабрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан УКМКнын Тергөө башкармалыгы акча талап кылуу боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында акча алуу учурунда Бишкек шаардык ИИББинин Тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсү, подполковник А.Б. кармалды. Мындай маалыматты аталган мекеменин коомчулук жана ММКлар менен байланыштар бөлүмү таратты. Кармалган жаран КРнын жараны А.Ддан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин жабуу үчүн акча алып жаткандыгы билинди. Айыпталуучу УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан