Быйыл КРнын Акыйкатчысына 13 миң 245 адам арыз менен кайрылды

Быйыл Акыйкатчы институтуна арыз-муңу менен 13 миңден ашык адам кайрылганын Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. "Бүгүн биз Акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын белгилеп жатабыз. Акыйкатчы институтуна болгон ишеним өсүп жатат. Бул жылы бизге адам укуктарынын бузулушу боюнча 13 миң 245 адам арыз менен кайрылышты",- деди Турсунбек Акун. Белгилей кетсек, бүгүн Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте "Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык механизмдерди ишка ашыруу, жетишкендиктер жана чакырык" аттуу тегерек стол болуп өттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан