Баткен, сен жалгыз эмессиң! Жалал-Абаддан Баткенге гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Жалал-Абаддан Баткенге гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирет.

Кабарлангандай, Жалал-Абад шаардык мэриясы жана президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткенге жардам берүү штабы түзүлгөн. Анын алкагында, жергиликтүү бийлик жана шаардагы ишкерлер тарабынан 5 тонна өсүмдүк майы, 5 тонна ун, 3 тонна күрүч, 3 тонна макарон, 2 тонна кумшекер, 4 миң 640 даана нан, 400 блок ичүүчү суу жыйналып, ӨКМнын жардамында Баткен облусуна жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, жардам берүүнү каалагандар үчүн Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында жардамдарды кабыл алуу жайы уюштурулду. Ошондой эле Баткен элине жардам берүүнү каалагандар үчүн банк эсептери ачылды.

Кошумча маалымат үчүн тел: 0554115000, 0772500050

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан