Тажик тараптын кол салуусунан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 103кө жетти. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Буга чейин министрлик чек арадагы куралдуу кагылышта 24 адам набыт болгонун билдирген.
Учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталууда. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.