Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылынын 24 жаштагы тургуну Апсамат Жекшенбеков Баткен облусунун Маргун айылында өз милдетин аткарып жатып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакыны билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Апсамат Жекшенбеков кечээ, 16-сентябрь күнү Маргун айылындагы жаңжалда ок тийип каза болгон. Ал 1998-жылдын 2-майында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. 2020-жылы Аскердик институтун бүтүргөн.
"Ушул жылдын октябрь айында өргүүгө чыгып, Баткенден келмек. Эки ай мурда эле улук лейтенант аскердик наамын алган болчу. Чынында, ичинде кири жок, айтканын кылам деген жан эле. Дайыма жаркылдап, күлүп жүрчү. Баткендеги элди коргойм, ошол үчүн Баткенге келдим, көзүмдүн карегиндей сактайм дечү", - деп билдирди маркумдун жакыны.