Баткен облусундагы абал боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Баткен районунун жана Лейлек районунун аймактарында болгон окуяга байланыштуу чектешкен аймактарда милиция кызматкерлеринен түзүлгөн кайгуулдар күнү-түнү иш алып барууда. Ал эми жергиликтүү тургундар арасында милиция кызматкерлери чагымчыл аракеттерге жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Азыркы убакта абал чыңалуу бойдон калууда. Милиция кызматкерлери коопсуздукту сактоо максатында иш алып барууда.