Кечээ, 16-сентябрь күнү Баткендеги тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну Манас Баатырбеков каза болду. Бул тууралуу анын таекеси Жунус Акматов билдиргенин "Турмуш" басылмасы жазды.
"Менин бир тууган жээним үйлөнө элек болчу. Үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу, 2 иниси жана 2 карындашы бар эле. Баарынан да өкүнүчтүүсү, анын үйлөнүү үлпөт тою 2-октябрга белгиленген болчу. Үйлөнүү тоюна 1 ай калганда каза тапты. Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Головной суу бөлүштүрүүчү жайынан снаряд тийип, ошол жакта каза болуптур. Өзү ак көңүл, жоош, момун, жөнөкөй жигит эле", - деди каза болгон жоокердин таекеси.
Кенже сержант Манас Баатырбеков Баткендеги №707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Анын сөөгү бүгүн, 17-сентябрь күнү өзү туулуп-өскөн Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында жерге берилди.
Улуттук госпиталдын маалыматы боюнча, 14-сентябрдан бери Баткенден 9 аскер кызматкери келип түшкөн. Ал эми каза болгондордун саны 24 экени айтылган.