Бишкекте 500дөн ашуун жаран Баткен эли үчүн кан тапшырды

500гө жакын калаа тургундары Баткен облусундагы аскердик кагылышуудан жабыркагандарга кан тапшырууга келишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-сентябрда Республикалык кан борборуна 500гө жакын адам Баткен облусунун жабыркаган тургундары үчүн ыктыярдуу донор болуп келишти.

Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев белгилегендей, бүгүн Бишкек шаарынын көптөгөн жашоочулары кан тапшырууга келди.

"Түшкө чейин кан алынып, азыр канды даярдоо иштери жүрүп жатат. Кан борбору эртең да эс алуу күнгө карабай иштейт", - деди Бакыт Карабаев.

Эскерте кетсек, жабыркагандарга кан тапшырууну каалаган жарандар Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси 60 дарегиндеги Республикалык кан борборуна кайрылса болот.

Иш убактысы: дүйшөмбү-жума саат 8:00дөн 14:00гө чейин.

Ишемби күнү 8:00дөн 12:00гө чейин.

Жаныңарда паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болуш керек.

Кан тапшыруу процедурасынын алдында бардык майлуу, куурулган, сүт азыктарын жебеш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан