Чек ара кызматы: "Чоң-Алайда абал кайрадан чыңалып жатат"

Саат 18:20га карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалып жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап Кыргызстандын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган.

УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, тажик тараптын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусу 14-сентябрда башталган. Эки тараптуу бир канча жолугушуулар өтүп, ок чыгарбоо боюнча макулдашууга жетишилгени менен тажик тарап аны кайрадан эле бузуп жатканы кабарланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
1985lana
2022-09-17 18:51:00
Отура бергиле силер уйнордо жылуу-жумшак, балдарынар мн, суйлошуу жургузуп атабыз деп!!! Карпайым калк жанагы эле азап чеккен.
+1
hihikayu
2022-09-17 19:02:00
Ташиев тилдерин жулуп.кулдорун кокко сапырбайт бекен.бирда бийлик мынчалык алсыз билимсиз болгон эмес эле!
+1
Aibek_eka
2022-09-17 19:08:00
Болгону болду эми Баткен элида Алай элида кооптуу аймактан чыгып кеткен согушалы ушунча болду эми артка кайтыш жок согушуп бир жакты бололу эл кыйналып кетти менда Баткенден болом тажадык ушу тазиктерден
+1
u02u02
2022-09-17 20:11:00
Бул тажиктердин тактикасы! Алай жактан бизди алаксытып туруп демек Баткен Лейлек жактан Кайра чабуул коет. Катылгандын катыгын Берген кыргызбыз деп мактанабызго сабырдында сени болот качанга чейин ушундай жашоо болот! Менин ата энем Бир туугандарым азыр лейлектин тоо арасындагы айылдарда эвакуация болуп журот качанга чейин минеметтун огунан ойгонуп качып журобуз бизде мамлекеттуулук деген барбы?? Кыргызстан баткенде башталат деп мактанат 1 метр бербейбиз деп мактанат 5км кирип келдиго эмнеге????
+2
temirov76
2022-09-17 21:22:00
Эмне үчүн дайыма жаңжал дайыма Кыргызстандын аймагында болот эмне үчүн дайыма кыргыздар тоо ташка качат эмне үчүн кыргыздарга да тажик айылдарын тоноого мүмкүнчүлүк болбойт?
0
Zhoro
2022-09-18 00:33:00
Колунду сындырам жана башка кылам дегендер сындырчы тажиктердин колдорун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан