Камчыбек Ташиев барымтага алынды деген билдирүү карандай калп. УКМКнын маалымат кызматы фейктерге ишенбөөгө чакырды.
"Социалдык тармакта “Ташиев барымтага алынды, аны 16-сентябрдан бери кол алдындагы адамдар көрө элек” деп тарап жаткан маалымат чындыкка коошпойт. Аны Кыргызстандын бүтүндүгүн жана эгемендигин бүлүнтүүгө кызыкдар күчтөр жайылтууда”, — деп жазылат билдирүүдө.
Ташиев учурда Баткенде күч структураларынын ишин координациялап жүрөт.