Акылбек Жапаров Спорт ордосундагы гуманитардык жардамды кабыл алуу пунктуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун имаратында жайгашкан гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирдиктүү борборлоштурулган пунктуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Баткен облусуна 100 тоннага жакын гуманитардык жүк жөнөтүлсө, бүгүн дагы 40 тоннага жакын жүк жөнөтүлмөкчү.

Гуманитардык жардамды кабыл алуунун бирдиктүү борборлоштурулган пунктуна келип түшкөн бардык тамак-аш, дары-дармек, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар, кийим-кече жана башка буюмдардын электрондук эсеби Түндүк 1227 тутумунун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Аселдейим
2022-09-18 01:30:00
Элдин чогулткан жардамына автор болоюн деп бардыбы бул?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан