Саат 21:00гө карата Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.
Ал эми саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу «Гулистон авто жол» өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.
УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.