Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам каза болгон үч аскер кызматкеринин сөөгү Бишкектеги өлүкканага алып келинди. Маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов тастыктады.
Анын айтымында, өлүкканага дагы аскер кызматкерлеринин жансыз денеси алып келиниши мүмкүн. Алар сөөктү талапка ылайык келтирип, көмүүгө даярдап беришет.
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 24 жараны каза болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери.