Коңшу Тажикстандын аскер кызматкерлеринин куралдуу кол салуусунан кийин Баткен облусунун чек арага жакын Арка айылында үйлөр талкаланып, дүкөндөр, унаалар өрттөлдү.
Тажикстан Баткен тарапты көздөй ар кандай курал-жарактар менен ок чыгарган. Мындан улам Арка айылындагы үйлөр талкаланып, унаалар, дүкөндөр өрттөлгөн.
Мындан тышкары Тажикстан тарап Баткен шаарына жана Ош облусунун Чоң-Алай районуна дагы ок чыгарган.
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 24 жараны каза болду. Алардын көпчүлүгү аскер кызматкерлери.