Бириккен улуттар уюму тараптардын өтүнүчү боюнча чек ара талаштарын туруктуу чечүү жолдорун табууга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу башкы катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргенин ТИМден маалымдашты.
Маалымдалгандай, башкы катчы кыргыз-тажик чек арасындагы зордук-зомбулук күчөшүнө тынчсыздануу менен байкап турат.
"Ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Башкы катчы Кыргызстан менен Тажикстан Республикасынын жетекчилигин ок атышууну туруктуу токтотуу үчүн диалогго чакырат. Эки тарап тең чыңалууну басаңдатуу үчүн жер-жерлерде болгон механизмдерден толук пайдалануулары керек.
Бириккен Улуттар Уюму тараптардын өтүнүчү боюнча чек ара талаштарын туруктуу чечүү жолдорун табууга жардам берүүгө даяр", - деп жазылат маалыматта.