
Ош шаарында Баткен облусунан эвакуацияланган жарандар жаткана жана медреселерге жайгаштырылууда. Бул туурасында шаардык мэриянын маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, жарандар убактылуу борборлорго жайгаштырылгандан кийин ысык тамак берилип, психологиялык жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Алардын бардык муктаждыктары эске алынып, керектүү гигиеналык каражаттар, самын жана жуучу каражаттар менен камсыздалат.
Ош шаарында Баткен облусунун эвакуацияланган жарандарын убактылуу жайгаштыруу үчүн шаардын жогорку жана орто атайын окуу жайларындагы 17 жатаканада 1890 орун, шаардык медреселерде 130 орун уюштурулган. Учурда шаарда эвакуацияланган 392 тургун жайгаштырылды.