Тышкы иштер министри менен БУУнун баш катчысы чек арадагы кырдаал боюнча телефондон сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМден кабарланды.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТИМдин башчысы курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалыматын башкы катчысынын назарына жеткирди.
"Мындан тышкары, чыңалууну басаңдатууга багытталган ар кандай деңгээлдеги саясий-дипломатиялык аракеттер жөнүндө да маалымат берип, тажик тараптын мурда жетишилген ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча макулдашууларды аткарбоо позициясына байланыштуу өкүнүү белгиледи.
Ошондой эле Кулубаев Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргызстандын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалыматын башкы катчыга берди.
Өз кезегинде БУУнун башчысы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол берилбестигин жана аны тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", - деп жазылган министрликтин маалыматында.
Мындан тышкары, башкы катчы 20-сентябрда Нью-Йоркто президент Садыр Жапаров менен бетме-бет жолугушуу өткөрүүгө даярдыгын билдирди.
Ошондой эле БУУнун башчысы ТИМ башчысы Кулубаевди келерки жумада Нью-Йоркто Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сироджиддин Мухриддин менен учурдагы кырдаалды талкуулай тургандыгына ишендирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан