Бүгүн, 18-сентябрь саат 8:30га карата Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн тынч өттү.
УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүкчөлөрү кыргыз-тажик чек ара тилкесинде күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.
Ал эми УКМКдан билдиришкендей, учурда тараптардын өкүлдөрү мамлекеттик чек арадагы иштерди улантып, жетишилген макулдашууларды так аткаруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев абалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоону улантууда.