
Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан ӨКМнын кызматкери лейтенант
Айбек Ысманов каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ал ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.
Ысманов 16-сентябрда кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы калды.