Тажикстандын куралдуу кол салуусу: Каза болгондордун саны 36га жетти

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан каза болгон жарандардын саны 36га жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Саат 10:00гө Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына дагы 12 каза болгон адамдын сөөгү келип түшкөн. Муну менен Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 36га жетти", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми жаракат алгандардын саны 129га жетти. Алардын ичинен жетөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 24 жараны набыт болгону маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbek
2022-09-18 12:31:00
36 адам олсо уже аза кутуу кунун белгилеш керек.Откондо Орусиядан 16 адам авария болгондо Аза кутуу куну болгон!!!Эмне Кыргыздар ошончо болсо да кайра чабуул койбой жатат ыя??????
-1
Asmat84
2022-09-18 13:05:00
Nurbek азыр бир жаңсыл болсун эң башкысы согуш токтосун анан аза күтүү күнү болот да. Азыр эч ким билбейт согуш качан токтоорун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан