Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу "Биринчи радиого" жарыяланды.

"Чек арадагы кырдаал түн ичинде тынч өттү. Эч кандай атышуулар болгон жок. Эки облустун ортосунда түзүлгөн иш тобу биргеликте түн ичинде чек арада жумуштарын алып барышты. Азыркы учурда интернет булактарында ар кандай текшерилбеген маалыматтар таркатылып жатат. Бирок биз тараптан ар бир маалыматка көңүл бурулуп, реакция берилет.

Азыркы учурда биргеликте түзүлгөн иш тобу чек арада жумуштарын жүргүзүшөт. Эң негизги максатыбыз - атышууга жол бербөө, тынчтыкты сактап калуу болуп жатат. Эвакуация болгон жарандарга гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө. Андан тышкары дарыгерлер, психологдор келип эл менен иштөөнү башташат. Учурда кырдаал чыңалуу боюнча калууда", - деп билдирди облус башчысы.

Абдикарим Алимбаев Баткен облусундагы акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbek
2022-09-18 12:27:00
Кыргыз тарап ото эле Гумандуу болуп суйлошуулорду жургузуп жаткан жокбу??? 36-адам олсо,130 адам жарадар болсо.Дагы канча уйлор орттонсо.Анан дагы суйлошуу жолу менен чечебиз дегенге жол болсун!!!!! Биздикилер качан чек арадан отуп ,озубуздун жерлерди кайра кайтарып алат???
-1
Asmat84
2022-09-18 13:08:00
Абдикарим Алимбаев рахмонго колун сунган эмес. Чыныгы генерал патриот киши
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан