Бишкектен жөнөтүлгөн гумжардам Кадамжайга жетти

Бишкектен жөнөтүлгөн гуманитардык жардам Кадамжайга жетти. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Аларды муниципалитеттин өкүлдөрү тосуп алышты, гуманитардык жардам бардык муктаж болгондорго берилет.

Эске салсак, 16-сентябрда Бишкектен үч жүк ташуучу унаа — 67 тонна гуманитардык жардам жөнөп кеткен. Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандар үчүн керектүү буюмдар, дары-дармектер Баткен облусуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан