Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны уланат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, жыйын саат 15:00дө башталып, жабык эшик артында өтөт.
Белгиленгендей, 16-сентябрда төрага Талант Мамытов "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү" мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган. Ошол кезексиз жыйындын алкагында бүгүн депутаттар үчүнчү жолу чогулат.